Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Иран жарыялаган видео

Иран АКШнын деңиз күчтөрү Ормуз кысыгында атып түшүрдүк деген дрон дагы деле иштеп жатканын көрсөтүү үчүн жабдык тарткан видеону жарыялады.

Буга чейин президент Дональд Трамп Ирандын дрону АКШнын кемесине 914 метр жакын келгендиктен, деңиз күчтөрү коргонуу чечимин кабыл алганын айткан. Аскердик кеме бир нече жолу эскертүү бергени дагы маалымдалган.

New York Times басылмасы АКШнын Коргоо министрлигине шилтеме берип, дрон электрондук жабдыктын жардамы менен жок кылынганын жазып чыккан болчу. Иран болсо дрону жоголгону тууралуу маалымат жок экенин белгилеп, окуяны четке кагып келген.

Сүрөттүн автордук укугу Al-Alam TV

Ирандын мамлекеттик ТВ каналы Ормуз кысыгында дрону АКШнын кемесин көзөмөлдөп жаткан видеону жарыялады. Иран АКШнын кемеси дронду атып түшүрдү делген убакыттан кийин деле видео тартып жатканын айтууда. Тегеран жарыялаган тасмада дрондун турган жери, убакыт жана кеме кайсы багытта жүрүп бара жатканын көрсө болот.

Би-Би-Синин аймактагы кабарчысы Пол Адамз, тасманы далил катары колдонууга болбойт деп белгиледи. Себеби видеодогу айрым бөлүктөрдү аймакта жүргөн тик учак тартканын да көрсө болот, дейт Би-Би-Синин кабарчасы.

Июнь айында Иран АКШнын чалгынчы дронун атып түшүргөн болчу.

  • Перс булуңу дагы бир жаңжалдын босогосунда
  • АКШ Иран менен согушка барабы?
АКШ менен Иран ортосундагы чыңалуу

Трамп өткөн жылы өзөктүк долбоор боюнча келишимден бир тараптуу чыгып кетип, Тегеранга каршы санкцияларды жарыялагандан кийин АКШ менен Ирандын мамилеси чыңалды.

Май жана июнда Перс булуңунда бир нече мунай танкерлерине кол салуу болуп, АКШ Тегеранды айыптаган. Иран өз кезегинде бул дооматтарды четке кагып келет. Чыңалган абалдан улам АКШ бийлиги Перс булуңуна Patriot үлгүсүндөгү абадан коргонуу системасын жана бир нече аскер кемелерин жөнөткөн.

20-июнда аба мейкиндигин бузуп кирген америкалык чалгынчы дронду Иран атып түшүргөнүн билдирген. АКШ бул пилотсуз учактын Аскер-деңиз күчтөрүнө таандык экенин ырастаган, бирок дрон эл аралык аба мейкиндигинде учуп жүргөнүн айткан эле.

Эки тараптын аймактагы тирешүүсүнөн улам согуш тутанып кетпейби деген кооптонуулар бар. Бирок Тегеран менен Вашингтон согушту каалабай турганын улам-улам айтып келүүдө.

  • Трамп Иранды "талкалайм" деп опузалады
  • Иран британ кемесин колго түшүрүүгө аракет кылдыбы?

Перс булуңу дүйнөдөгү эң тынчы жок аймактардын бири жана соңку 40 жылда бир нече ирет куралдуу жаңжалдар орун алды. Аймактагы өлкөлөрдүн ар бири этияттап саясат жүргүзгөнү менен кээде таасир талаштан улам агрессивдүү кадамдарга барган учурлар болот. (AT)